Picdeer logo Browse Instagram content with Picdeer

@super_info_official

Газета "Супер-Инфо"

super_info_official

Official account of "Super Info" - the newspaper with the highest circulation in Kyrgyzstan.👆 Bishkek city, Jibek jolu st., 381 P. +996 (312) 882700

  • 32K Total Likes
  • 996 Tot. Comments
Көнгөн жумуш. Кардардын көңүлүн алмай. Бардыгы шарактап жатышат. Шайыр гана терең ойго батып отурат. – Эй, сулуу! Кел, кичине көңүлдүүрөөк отурсаң,- курсагы салаңдаган капкара эркек Шайырга кайрылды. – Ооба, бери карачы! Өзүңчө эле башка дүйнө болуп жатасың. Деги ойлонгонуң эмне?- Роза кызып калыптыр, курбусун карап кыткылыктады. – Мага көп акча керек болуп жатат. – Көп акчаны мына мен берем. Ал үчүн сен жумушуңду так аткар! Мага эркеле, мени эркелет. Ха-ха-ха,- жанагы кара эркек каткырды. – Көп акча болгондо канча?- тамекисин күйгүзүп жатып сурады Роза. – 20 миң доллар. – Эмне?! Аны эмне кыласың? – Кыргызстандан бир кыз келиптир. Кичине кыз. Жүрөгү оорукчан. Ошого акча керек болуп жатат. – Ал кыз эмне сенин тууганыңбы? – Жок, чоочун эле адам. Бирок ал кыргыз да. – Сен экөөбүз деле кыргызбыз. Кана, башка кыргыздардын бизге жардам бергени? – Ал байкуш кыз жашоонун жакшылыгын көрө элек. Ага жардам бериш керек. – Жашоонун жыргалын экөөбүз көрдүк беле? Балким, ал ошол кичинекей бойдон өлүп калганы жакшыдыр. Алдыда аны толтура турмуш сабактары күтүп турат. Андан көрө асманга учуп кеткени
Эрнис энесинин кайтыш болгонун абактан укту. Айылдаш тууганы келип айтты. Эмне дээрин билбей калды, куду бир жалындын ичине түшүп кеткендей, куйкаланып бараткандай сезди өзүн. “Аа!” деп бакырдым деп ойлоду. Бирок үнү чыкпай калган экен. Дубалды муштагылап башы менен сүзүп жинди болуп кеткендей сезилди. Бирок баары бир ичиндеги жалын токтобой койду. Куйкалай берди. Бир айдан кийин ал абактан бошотулду. Туугандары акелеп, жакелеп ордуна уй алып берип, араң бас-бас кылышты. Тосуп барып айылына алып келе жатканда айылдын четине түшүп калды. – Рашка, токтотуп койчу,- деди ал машине айдап бара жаткан инисине. – Эмнеге? – Апама барам. Сен кете бер, мен өзүм барам.  Тиги “өзүң бил” дегендей ийинин куушуруп жүрүп кетти. Бут алдында кар кырт-кырт. Көрүстөн өйдө жакта эле. Араң жетти. Атасынын көрүстөнүнүн жанында дагы бир дөбө пайда болуптур. Көргөн көзүнө ишенбей туруп калды. Апасынан калган нерсе ушу гана боз дөбө эле. Дүйнөнү тиреп тургансыган, эч бир заман өзүн таштап кетпей тургандай сезилген апасы эми жок. Шалак эте чөгөлөдү. ♦️♦️♦️♦️♦️ Сериалдын уландысын Стористен окуй
ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ ♈♉♊♋♌♍♎♏♐♑♒♓ Апталык Жылдыз төлгөнү барактаңыз💞Сүрөттү солго жылдырыңыз👈 ♎Тараза ♏Чаян ♐Жаачы ♑Текечер ♒Суу куяр ♓Балык
ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ ♈♉♊♋♌♍♎♏♐♑♒♓ Апталык Жылдыз төлгөнү барактаңыз💞Сүрөттү солго жылдырыңыз👈 ♈Кой ♉Букачар ♊Эгиздер ♋Бөйөн ♌Арстан ♍Бийкеч
Конокко барганда бут кийимиңизди чечкенден тартынасызбы? Демек, бул макала сиз үчүн.  ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАР КАЙДАН ЧЫГАТ? – Адамдын организминде 2 миллионго жакын тер бездери жайгашкан. Алардан тер бөлүнүп чыгып турат. Эгер адам өзүнө кам көрбөсө, анда тердеген жерлерде бактериялар көбөйүп, жаман жыттын чыгуусун шарттайт. Кайсы учурларда?  Жеке гигиeнаны сактабаганда, синтетикалык кийимдерди, байпактарды кийгенде; Сапатсыз материалдан тигилген бут кийимдер (дермантин) жана резина бут кийимдерди кийгенде; Ысыкта бутка жабык бут кийим кийип жүргөндө; Нерв, эндокриндик системдин иштеши бузулганда, айрым бир оорунун болушу (мисалы, кант диабети, ашыкча салмак); Кара күч эмгеги менен узакка алектенүү; Грибок ооруларына чалдыкканда.  ШЫБОО ЖАНА КОЛОҢСОНУН АЛДЫН АЛУУ  Тердеген убакта жуунуп туруңуз. Жок дегенде бут менен колтукту суу менен чайкаңыз. Колтуктун түгү бактериялардын көбөйүп, жайланышына ыңгайлуу болгондуктан, убагында тазалап турууну унутпаңыз. Жүндөн, пахтадан токулган кийимдерди, байпактарды алыңыз. Синтетикалык кийимдерден качыңыз. Жайкысын кенен кийимдерди тандап,
Араңыздарда Айгүлгө окшош оптимисттер барбы?😊 Комментарийге ой бөлүшүңүз👇 #СуперҮкү #ҮкүБрат #Үкүбай #Позитив #БирЖылмайыпАлыңыз😉😁😂🤣😋🙃
Инновационные финансовые продукты могут быть следующего рода: 📌Финансирование на основе складских расписок (товарных квитанций), позволяющее мелким собственникам использовать хранимую продукцию в качестве поручительства для получения кредита от финансовых институтов; 📌 Использование цифровых инструментов для улучшения доступа к финансированию в рамках цепочки добавленной стоимости сельхозпродукции, а именно: 📍 целенаправленная оцифровка отношений между производителями и покупателями; 📍  оцифровка более широких отношений между субъектами, как финансовых, так и нефинансовых (например, отношения между производителями, покупателями, поставщиками ресурсов и поставщиками финансовых услуг); 📍  применение цифровых инструментов для постепенного введения вытесненных мелких фермеров в курс цепочек добавленной стоимости (например, технологии, которые помогают мелким владельцам улучшить качество и надежность продукции, облегчить связь с покупателем, а также использовать эти связи для улучшения доступа к более широкому набору финансовых услуг).
Пайгамбар Мухаммед С.А.В #ДаанышманданАсылОй
Кененирээк #СуперИнфонунЖаңыСанында #АсемаТоктобекова
"Мени уруп, тепкен видео турса да, сот мурунку күйөөмдү актады" дейт Гүлзат Мамытбек😲 Кененирээк #СуперИнфонунЖаңыСанында #ГүлзатМамытбек
Футбол боюнча Кыргыз курамасынын келечеги, бычакка сап боло турган оюнчулардын бири, чабуулга өңүт алган жарым коргоочу – Гүлжигит Алыкулов. Ушул жылдын башында ал Беларусь чемпиондугунда ойногон «Неман» клубу менен келишим түздү😍 Аз убакыттын ичинде команданын лидерине, күйөрмандардын сүймөнчүгүнө айланган футболчунун маеги #СуперИнфонунЖаңыСанында #ГүлжигитАлыкулов
“Акыркы 15 жылдан бери эч өзгөрбөй, бир калыпта келе жатат. Ал сулуулуктун, жаштыктын эликсирин ичет окшойт” дешет бул актриса тууралуу. “Жаштыктын эталону” атыккан актриса Сон Йе Жин тууралуу #СуперИнфонунЖаңыСанында #СонЙеЖин

Loading